Москвада кыргызстандык кыз ымыркайын сууга чөктүрүп өлтүрүп, таштандыга ыргытып жиберген

648

Москвада 21 жаштагы Кыргызстандын жараны ымыркайын ваннага чумкутуп өлтүрүп салган. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазууда.

Тергөө комитетинин маалыматында, жаш эне 2-апрелде кыз төрөгөн. Баласын баккысы келбей, ал ымыркайды суусу толгон ваннага калтырып койгон. Кийин полиэтилен баштыкка ороп, таштанды салгычка ыргытып жиберген.

Андан соң 2-июнда ооруканага кайрылып, өлүк бала төрөгөнүн кабарлаган.

Бирок, татаал соттук-медициналык экспертизаларды жүргүзүү менен, тергөө наристенин өлүмүнүн чыныгы себебин аныктап, эненин курсагында түйүлдүктүн өлүмү жөнүндөгү версияны жокко чыгарган.

Кыргызстандык кыз кармалып, “Ымыркайды өлтүрүү” беренеси менен кармалды. Тергөө уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь