Караколдо бир үй-бүлөдөн коронавирус илдети табылды. Каракол шаарынын тургуну Оштон келген досунан коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктурган жаңы учур Каракол шаарында жашаган жигиттен табылган.
“Буга чейин ал Оштон келген досунан илдетти жуктуруп алган. Бирок коронавирус жуктурткан жаран кайра Ошко кетип калган”, – дейт ал.
Маалыматка караганда, бир үй-бүлөдөгү коронавирус аныкталган 86, 43 жана 12 жаштагы үч тургун обсервацияга алынды. 5-июнга караган түнү алардын биринин эти ысып, аймактык дарыгерге кайрылган. Бул үй-бүлө жашаган көп кабат үй да карантинге алынды.