#ONE MAGAZINE журналынын негиздөөчүсү жана ырчы Самат Дөлөтбаков менен Нурлан Мотуев дуэт ырдашты. Экөө Игорь Корнелюктун “Дожди” деген ырын аткарышкан.
“Достор, биздин каверди “серьезно” кабыл албай, жакшы ниет менен кабыл алыңыз. Нурлан Мотуев байке да, мен дагы профессионал ырчылардан эмеспиз, ырчылык билимибиз жок, ырдоо – биздин хоббибиз. Андыктан жөн гана жакшы маанай жана позитив берели деген ойдо ырдадык. Мен көптөн эле, Нурлан байкени чакырайын деп жүргөм, анткени, Нурлан байкенин “иливой” ыры интернетте хит болуп жатат. Ал эми Нурлан байке да, профессионалдуу студияда ырдайм деп, кыялданып жүрүптүр. Демек, бул дуэт, экөөбүзгө тең буйруптур”,- деп жазат Самат Дөлөтбаков.