Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында чөп жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу башкаруусун жоготуп сарайды барып сүзгөн.
Андан соң артында келе жаткан Toyota Avensis КамАЗ унаасына сүзүлгөн. Кырсыктан бир аял каза болуп, беш адам жабыркаган, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышкан. Тез жардам кызматынын кызматкерлери жабыркаган жана каза болгон адамды Сокулук райондук ооруканага жеткиришкен.