Чек арадагы аймактарда Тажикстандын атайын кызматы иш алып барат

267

Элдик медиа порталынын “Элдик талкуу” программасынын коногу Таабалды Тиллаев Баткен облусундагы мамлекеттер аралык чек арада үчүнчү күчтөр иштеп жүргөндүгүн билдирди. Ал Тажикстандын атайын кызматынын чалгындоо тобу. Ал тууралуу жергиликтүү тургундарда дагы маалымат бар экендигин кошучалады.

Мисалы: “Бир эле адам Максат айылында “иштеп” жүрсө ошол эле адам Көк-Таш айылында эле пайда болуп, эки эл ортосунда араздашууну жаратып жүргөн учурлар бар. Андан сырткары, айрым Орто Азиядагы туруктуулукту каалабаган мамлекеттер дагы жок эмес. Андай топтор көп. Деги, Афганистан дагы жаныбызда турат. Ал эми жергиликтүү тургундар арасында чыккынчылар жок, мамлекеттик структуралардан деле ошондой. Бирок, убагында Өзбекстан менен кызматташкан айрым чоң кызматта иштеген адамдарыбыз кармалып, камакта отурушат, андайлар болгон” – дейт эл өкүлү Таабалды Тиллаев

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь