Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1983-жылы туулган Максатбек Эдилбаевди издөөгө алды. Ал 30-майда Военно-Антоновка айылындагы Дружба көчөсүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160 см, орто дене түзүлүштө, көзү кара.
Ак түстөгү футболка, кара чолок шым, башына ак кепка кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: I топтогу майып.
Максатбек Эдилбаевдин жүргөн жерин билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлап коюңуздар: Чүй ОИИББ (0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558
86 14 86,0708 89 13 14