Айрым ЖМКлардагы чек арада башаламандык жана чыр болуп жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Ал эми тарап жаткан видео 2020-жылдын 31-майында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагында тартылган.
“Учурда Кыргыз Республикасынын баардык мамлекеттик чек ара аймактарындагы абал туруктуу. Чек арага байланыштуу суроо же маселе жаралса, анда КР Мамлекеттик чек арасынан тактоону жана жалган маалымат таратпоону суранабыз“, – деп айтылат маалыматта.