34 жана 82 жаштагы дагы эки аял коронавирус инфекциясынан каза болду

293

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял киши жана  Улуттук фтизиатрия борборунда 82 жаштагы аял киши.

“Бишкек шаарынан 1938-жылы туулган аял киши коронавирус диагнозу коюлуп дарыланып жаткан. Анда кант диабетинин 3-даражасындагы оору жана жүрөк оорулары дагы бар экен. Экинчи учур 1986-жылы туулган аял кишинин өлүмү Ош шаарынан катталган. Бул жаран дагы байланышта болуп келген, ак кан болуп дарыланып жатканда коронавирус жуктуруп алган. Мындан улам оорусу күчөгөн, тилекке каршы жараныбыз кечээ каза болуп калды”,- деп көңүл айтты саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны 22 кишини түздү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь