Миннеаполистин мэри Флойдду акыркы сапарга узатууда чөгөлөп отуруп ыйлады (видео)

302

АКШда Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрай катышты, ал эми президент Трамп катышуудан баш тартты. Тажияга маркумдун туугандары жана достору, укук коргоочулар, саясатчылар, аза күткөндөр катышты. Ошондой эле шаар мэри Джейкоб Фрэй дагы келип, табыптын четине тизелеп отуруп токтоно албай ыйлады.

Флойддун апрель айында Covid-19 вирусуна кабылып, андан айыкканы белгилүү болду. “Жорж Флойддун коронавирус пандемиясы эмес, расизмдин пандемиясы өлтүрдү“,-деп сүйлөдү адвокат Бенжамин Крамп.

Ал ортодо АКШдагы толкундоолор дагы деле токтобой жатат. Демонстрациялар башаламандык менен коштолуп, АКШнын 29 штатына 18 миң аскер кызматкери менен полиция күчтөрү тартылды. Президент Трамп талап-тоноо, талкалоо токтобосо армияны колдонушу мүмкүн экенин эскерткен.

Кошмо Штаттарында 1968-жылы Мартин Лютер Киңди өлтүрүп кетишкенден кийинки окуялардан бери мынчалык расалык чыңалуу болуп көргөн эмес. Ал учурда афро-америкалыктардын тең укугу үчүн жүргөн күрөш чоң ийгиликке жеткен эле. Атуулдук укуктарды жактаган кыймыл Американын түштүгүндө караларды бөлүүнү мыйзамдык негизде токтотуп, кара америкалыктар добуш берүү укугуна жеткен. Бирок иш толугу менен бүтпөптүр. Полициянын зомбулугун токтотуу башынан эле татаал болуп келди.

25-майда Миннеаполисте Жорж Флойд деген америкалык жарандын автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду “унаадан алыс туруп тур” деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полицянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган. Ошондуктан окуянын чын-бышыгын айтуу азыр эрте.

Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: “Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!” деп кайра-кайра айтып, “өлтүрбөгүлө” деп суранат.

Ошол жердегилер чогула калып, полицияны “муунтпагыла, дем алуусун текшергиле” деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, “Тез жардам” унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү дүрт этти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь