Сарыбашов: Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз

495

“Республикалык штабдын уруксаты менен 8-июндан тартып мечиттер иштеп баштайт. Ош шаары боюнча 72 мечит бар. Биз Ош шаардык казы менен сүйлөшүп, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, беткаптар менен камсыз болуулары жана социалдык аралыкты сактоолору керектигин билдирдик. Мечитке кирип бара жаткан ар бир жаран беткапты милдеттүү түрдө кийүүгө тийиш. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, – деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Ошондой эле Ош шаарынын ичинде 7 санитардык блокпост жана 7 мобилдик топ күнү-түнү иштеп жатканына токтолду.

“Мобилдик топ тарабынан ишканаларга текшерүүлөр жүргүзүлүп, 96 ишканага санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн айып салынды. Ал эми жеке өзүм рейдге чыккан учурда 4 курулуш компания айып пулга илинди, иштери токтотулду. Мындан ары да текшерүү рейддери күчөтүлгөн тартипте ишин улантат”, – деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь