Сохто Фергананын губернатору Шухрат Ганиев элдин кысымына кабылды. Жергиликтүү тургундар анын “Сохтогу жаңжал чыгарган кыштактарды картадан чийип салуу керек” деген сөзүнөн кийин нааразычылыктарын билдиришкен. Тургундар губернатор токтогон үйдүн айланасын курчап таш ыргытышкан.
Жаңжал чыккан жерге премьер-министр Абдулла Арипов дагы келген.