5-июнь күнү саат 20:10де Базар-Коргон райондук ӨКБнүн №78 ӨК-КБнүн байланыш түйүнүнө Акман айыл аймагынын Колот айылында 3 бала дайынсыз жоголуп изделип жаткандыгы, сууга агып кетти деп күмөндөлүп жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Түшкөн кабар боюнча өздүк курамга жыйын жарыяланып, саат 20:50дө издөө иштерине чыгып кетишкен.
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Кайырма көлүнүн айланасы, Акман айылындагы каналдардын бойлой издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жоголгон 3 бала Жаӊы-Акман айылында адашып калган жеринен райондук ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энелерине тапшырылды.
“23 куткаруучу, мындан тышкары ИИБ кызматкерлери, жергиликтүү бийликтен 5 адам, туугандары 10 адам издөө иштерине катышышты”,- деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.