Тайванда мындан ары жубайынын көзүнө чөп салган адам эркинен ажыратылбайт. Мындай тарыхый чечим кабыл алынганын Конституциялык соттун төрагасы Сюй Цзун-ли 29-майда билдирди.
Кылмыш жаза кодексинен тиешелүү берене алынып салынды. Буга чейин ала жипти аттаган адам бир жылга чейин эркинен ажыратылчу.
“Бул мыйзам жетиштүү натыйжа бере алган жок. Кандай гана болбосун мыйзам адамдардын сексуалдык жашоосун гана чектебестен, адамдардын ички жашоосуна кийлигишчү”,- дейт Тайвандын юстиция министрлигинин баш катчысы Лин Хуэй-Хан.
Соттун чечимине каршы чыккандар дагы болду. Консервативдик маанайдагы тайвандыктар документ көп үй-бүлөлөрдү сактап калганын жана никенин ыйыктыгын камсыз кылганын айтышат. Ал эми буга чейин бул берененин жоюлушун жактап, кол топтогон активисттердин кубанычында чек жок.