Бишкекте компьютердик клуб өспүрүмдөрдү “арткы эшик” аркылуу киргизип жаткан (сүрөт)

258

Райондук акимиат, Бишкек мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы жарандардын коопсуздугу үчүн санитардык эрежелерди бузгандарды аныктоону улантууда.

Бишкектин тургуну мэрияга кайрылып, Эркиндик бульвары жана Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги Bootcamp компьютердик клубу тыюуларга карабастан өз ишин жандандырып алганын кабарлаган. Анын айтымында, клуб кардарларды “арткы эшик” аркылуу киргизип, ичинде өспүрүмдөр жык толуп отурат.

 

Биринчи май районунун ыкчам тобу ошол түнү айтылган жерге барып, карантиндик эрежелерди бузууну аныктаган. Компьютердик клубдун администрациясына карата эки административдик протокол толтурулган. 6 миң сом өлчөмүндө айып пул салганы маалымдалды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь