Бишкекте милиция 24 жаштагы кызды кармады

555

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин маалымат кызматынан кабарлады.

5-июнда Б.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдирген. Анын айтымында, 2019-жылы 9-ноябрда АКШдан виза алып берүүнү убадалаган жакшы тааныш эмес кызга 11,2миң доллар акчасын берген. Акчаны алган кыз дайынын билдирбей жоголгон.

Бул окуя “Алдамчылык” беренеси менен КЖБРге каттоого алынган. Октябрь райондук милициянын Криминалдык кызматынын кызматкерлери 1996-жылы туулган А.К. аттуу шектүүнү кармашты.

Учурда кармалган кыз Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө шектүүнүн ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын текшерүүдө.

Эгерде кармалган жарандан жабыркагандар болсо төмөндөгү номерлерге кабарлаңыздар:  0(709) 76-76-06, 0(558) 102-992 и 102.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь