Бишкекте токойдо чуркап жүргөн милиция жаш кызды зордуктоодон куткарып калды

721

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Кара-Жыгач токоюнда жаш кызды зордуктоодон сактап калды.

5-июнда кызматкер токойдо чуркап жүрүп жардам сураган кыйкырыкты угуп калган. Ал жардамга барганда кыздын үстүндө жаткан кишини көргөн.

Зөөкүрдү кармоодо ал каршылык көрсөтүп качып кетүүгө аракет кылган. Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери артынан чуркап барып кармаган.

Окуя боюнча материалдар Свердлов РИИБне өткөрүлдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь