Боронов: Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок

518

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында борбор калаада эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды.

«Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы көбүнчө эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат», – деген Кубатбек Боронов үй карантининдеги адамдарга күчөтүлгөн көзөмөлдү улантууну кошумчалады.

Республикалык штаб «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасына иштөө максатында чет өлкөлүк адистердин (анын ичинде ЕАЭБ жарандарынын) келүү маселеси каралды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь