Быйыл жогорку окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтөт

241

Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, окуу жайга тапшыруу процессин онлайн форматка өткөрүү боюнча министрлик тарабынан платформа иштелип чыккан.

“Абитуриенттер окуу жайга барбастан, ал платформа аркылуу аралыктан каалаган окуу жайына, каалаган адистигине тапшыра алат. Окуу жайга тапшыруу үч турдан турат. Биринчи тур 20-25-июль, экинчи тур 27-29-июль жана үчүнчү тур 3-5-август күндөрү болуп өтөт”, – деди ал.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо уюштурулат.

Кошумча каттоо 20-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин, андан тышкары 23-июнда 13:00дөн 17:00гө чейин тестирлөө өткөрүлө турган борборлордо жүргүзүлөт. Жалпы республика боюнча 116 тестирлөө борбору түзүлгөн. Тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин сертификаттар 13-июлдан 19-июлга чейин абитуриенттерге жеткирилет”, – деди ал.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь