Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Депутаттын арызы Боршайкомго келип түштү, 9-июнда каралат.
Руслан Чойбеков парламентке 2018-жылы Казакстанда кармалган Асылбек уулу Дамирбектин ордуна депутат болуп келген. Чойбеков 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
Анын ордуна депутат болуп “Аю Холдингдин” вице-президенти Руслан Молдошевдин келүүсү күтүлүүдө.