“Денеси таштарга кыпчылып калган” Ошто бүтүрүүчү сүрөткө түшөм деп сууга агып кетти

567

Ош облусунда мектеп бүтүрүүчүсү Ак-Бууранын эң башындагы участокко барып, дарыянын боюнда сүрөткө түшүп жатканда кокустан сууга түшүп кеткен. Анын сөөгү бүгүн 8-июнда эртең менен сууга түшкөн жерден 100 метр аралыктан табылды.

Белгилүү болгондой, 7-июнда Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын аймагында бүтүрүүчүлөр тобу ата-энесине айтпастан, “Быйыл бүтүрүү кечеси болбой калды, жок дегенде сүрөткө түшүп алалы” деп чогулган. Маркум чоң таштын үстүнө чыгып сүрөткө түшө турган болгондо буту тайып сууга кулап кеткен. Суу агызып кеткен баланын денеси таштарга кыпчылып калган.

Окуя Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгында “Кокустук” катары катталды.

Бүтүрүүчүнүн туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь