Ысык-Көлдө «Мерседес» унаасы «Каприз» эс алуу жайынын алдындагы фонтандын үстүнөн сүрүп өттү.
Окуя кечээ 7-июнда катталган. Айдоочу катуу ылдамдыкта сейилдөөчү аллеядан өтүүнү чечкен. Натыйжада Мерседес тосмону жана отургучтарды талкалап кеткен.
Алдын ала маалыматтарда жабыркагандар жок.