Милиция бөлүмүнөн качып кеткен шектүү кармалды (ВИДЕО)

653

Бшкектеги №2 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы Т.Б. кармалды. Бул тууралуу 8-июнда “Элдик медиага” Чүй ОИИББнен билдирди.

Уурулукка шектелген Т.Б. 3-июнь күнү күндүз милиция бөлүмүнөн качып чыккан. Буга жол берген милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталган болчу.

8-июнга караган түнү изделип жаткан жаран Өскөн-Ордо жаңы конушунан кармалганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Чүй ОИИББнин криминалдык милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөн.

Кармалган киши Ленин РИИБне өткөрүлүп берилди. Т.Б.нын кармалган учурдагы видеосу “Короче” телеграм-каналына жарыяланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь