Мирлан Жеенчороев: “РАЖ” партиясынан бир дагы депутат фракциядан чыга турганын билдире элек

391

“Республика-Ата Журт” партиясынын бир дагы депутаты парламенттик фракциядан чыга турганын билдире элек. Мындай пикирин “Республика” партиясынын лидери, ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев Vesti.kg сайтына бөлүшкөн.

Тактай кетсек, ЖМКлар “РАЖ” фракциясынан депутат Марлен Маматалиев “Мекеним Кыргызстан” партиясына өткөнү тууралуу жазып чыгышкан .

“Бүгүнкү күнгө карата биздин бир дагы депутат фракциядан же партиядан чыга турганын айта элек. Партиянын негизги курамы сакталып, кийинки парламенттик шайлоого барат деп ишенимдүү айта алам” – деп тактады Жеенчороев.

Ал ошондой эле, учурда жаш саясатчылар жана башка партиялар менен биригүү туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

“Кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз айта албайм, бирок, август айында партиянын съезди өтөт, ошондо расмий түрдө бардыгын жарыялайбыз”,- деп убадалады Мирлан Жеенчороев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь