Нарында мектеп директору Айчүрөк Самакова коронавирустан каза болду

399

Нарында В.П.Чкалов атындагы №2 орто мектептин директору Айчүрөк Самакова коронавирустан каза болду.

5-июнда аны пневмонияга шек санап ооруканага алып кетишкен. Андан COVID-19га анализ алынып, натыйжада оң болуп чыккан. Самакова кечээ 7-июнда каза болду.

Эске салсак, бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарын облусунда 67 жаштагы аял киши көз жумганын кабарлаган.

Ал ооруканага кайрылбай үйүндө болуп, оорунун белгилери чыкканда тийиштүү кызматтарга телефон аркылуу кайрылып, ден соолугу жакшы болбой жатканын айткан. Ага көчмө бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнь күнү Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Анын абалы оорлошуп, реанимациялык иш-чараларга карабай кечээ, 7-июнь күнү каза болду. Бейтаптын кан басымы жогору жана аз кандуулук оорусу (анемия) бар болгон. Коронавирус жукканда организм ооруну көтөрө албай калган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деп билдирген.
.

Комментарии

  1. Бул жалган алдамчылар Аллахтан корпогондор.Чоңдор силердин жазаңардыКудайым берсин эшектер

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь