Нарындыктар Илим Карыпбековдун кечирим сурашын талап кылышууда. Крыпбеков эмне дейт? (видео)

673

Илим Карыпбековдон, түшүнүп, түшүнбөй эле: "Жер талашкандар айбан" – деген сөзү үчүн адамгерчиликтүү болуп, ысыгында Нарын элинен кечирим суроосун талап кылам. Ал эми Өкмөткө айтаарым, элдин талабын угуп, чечип бериниздер!

Опубликовано Азаматом Баямановым Воскресенье, 7 июня 2020 г.

Нарын облусунун жашоочулары КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбековду кечирим сурашын талап кылышууда. Тийиштүү видеону Фейсбук социалдык тармагында «Республика – Ата Журт» партиясынын жаштар канатынын мурдагы лидери Азамат Баяманов жүктөгөн.

«Илим Карыпбековдон, түшүнүп, түшүнбөй эле: “Жер талашкандар айбан” – деген сөзү үчүн адамгерчиликтүү болуп, ысыгында Нарын элинен кечирим суроосун талап кылам», – деп жазган ал.

Эске салсак, 5-июнда Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Кырк-Бозүй тилкесинде 150гө жакын жергиликтүү тургун Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбеш үчүн жолду тороп алышкан.

Жол буу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында окуя боюнча өз пикирин калтырган

Ал жайыттан улам чыр чыгарган жашоочуларды сынга алган. Карыпбеков бул окуя коңшулаш өлкөлөрдүн Кыргызстан туурасында пикирине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеген.

Илим Карыпбеков кийинчерээк видео жүктөп, анда анын сөздөрүн эл туура эмес түшүнгөнүн жана ал Нарын облусунун жашоочуларына акарат келтирбегенин, болгону маселени жолдуу тоспостон, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырганын айткан.

 

Кечирим суроо боюнча.

Опубликовано Ilim Karypbekov Воскресенье, 7 июня 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь