Некролог- Коронавирустан каза болгон мектеп директору Карганбек Самаковдун бир тууганы

2 122

Нарын шаардык мэриясы Айчүрөк Самакова мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты. Белгилей кетсек, Айчүрөк Самакова мурдагы депутат Карганбек Самаковдун эжеси.

2020-жылдын 7-июнунда 67 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы, Нарын шаарындагы №2 В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Самакова Айчүрөк Сыдыковна мезгилсиз дүйнө салды.

Айчүрөк Сыдыковна 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн.
1960-1968- жылдары Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы №2 орто-мектебинде билим алган. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, 1968- жылы Нарын медициналык окуу жайына тапшырып окуган.

1971-1974 -жылдары Нарын обком партиясынын жалпы бөлүмүндө техникалык катчы болуп эмгек жолун баштаган.
1974-1983-жылдардын аралыгында ошол эле жалпы бөлүмдүн эсеп-кысап боюнча инструктору;
1983-1986- жылдар ичинде жалпы бөлүмүнүн сектор башчысы кызматын аркалаган.

1986-жылдан 1997-жылга чейин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектебинде мектептен жана класстан сырткары иштерди уюштуруучу болуп мектеп жашоосуна аралашкан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин, тактап айтканда 1997-жылдан бери аты аталган мектеп-гимназиясында директорлук кызматка келип, өмүрүнүн акырына чейин ак эмгегин арнаган. Ушул эмгек жолунда биология сабагынын мугалими, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, кийин директору болуп иштеген кезинде өзүн изденген, талыкпаган өрнөктүү өмүр ээси катары далай сыноодон алдыга алып кете алган уюштургуч, сезимтал жетекчи катары окуучуларынын, коллегаларынын, ата-энелердин эсинде калат.

Мектеп-гимназия макамына ээ болуусуна, 2007-жылы «Даӊк» медалынын ыйгарылышы, ал эми 2010-жылы Республикада «Шаардын эӊ мыкты мектеби» болуп калуусуна Самакова Айчүрөк Сыдыковнанын эмгеги зор.

Урматтуу Айчүрөк Сыдыковнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун.

Н.Молдокадыров, Ж.Ботоканов, Д.Курманов, Н.Жумакадырова, К. Чымылдаков, Э.Өмүралиев, А.Абдыкеримов, Т.Кадыров, К.Мамбетов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь