Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров каза болду

417

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Зикиров Максатбек Пирмаматович 56 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Элдик медиага” мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Максатбек Пирмаматович бир жума мурда кан басымы көтөрүлүп ооруканага жаткан. Тилекке каршы бүгүн эртең менен каза болду“,- дейт.

Максатбек Зикиров 1964-жылы 1-январда туулган, эки кесиптин ээси – юрист жана мугалим. Буга чейин Алай районундагы бир нече мектепте директор болгон. Кийин Алай районунун акиминин орун басары кызматты аркалаган. Ал эми Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчилигинде 2018-жылдын июль айынан бери иштеп турган.

“Элдик медиа” порталы Максатбек Зикировдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь