Блогер Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү экспертиза аяктаганча убактылуу токтотулду. Сыдымановдун иши кайра карала турган болду.
Жактоочусунун айтымында, 8-июндагы отурумда судья блогердин айткандары боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланат деген чечим чыгарды.
“Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, экспертиза аныктагандан кийин уланат. Ага чейин сот убактылуу токтотулду”.
Сыдымановдун жактоочусунун айтымында, бүгүн ага акыркы сөз берилип, чечим чыгарылмак. Бирок жактоочу буга чейин видеого толук түрдө экспертиза кылуу өтүнүчүн келтирген. Анын жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн.