Жол кырсыгынан улам Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Темирбек Мырзатаев каза болду. Бул тууралуу маалыматты шаар мэри Рахман Асаналиев Turmush басылмасына тастыктаган.
Маалым болгондой, 6-июнда 54 жаштагы Мырзатаев кайын иниси менен бирге Аксы районун көздөй бара жатып кырсыкка кабылган. Жол кырсыктын кесепетинен Мырзатаев жаракат алып, ал ооруканага жетпей жан берген. Ал эми анын кайын иниси аман калган.
7-июнда Аксы районунун Аркыт айылында Темирбек Мырзатаев акыркы сапарга узатылды. Маркум 2018-жылдан бери мэриянын аппаратын жетектеп келген.