Тойлорго, тажыяларга барып коронавирус жуктургандар көбөйдү

367

Массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын  жуктургандар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

«Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда», – дешти Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрү.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь