Ысык-Көлдө “Хонда Степ” бетонду сүзүп эки аял каза болду

262

7-июнь күнү саат 04:00 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) “Хонда Степ” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Жол кырсыгынан кесепетинен 3 адам жабыркаган (2 эркек 2001 ж.т., 1986-ж.т., 1 кыз 2002-ж.т.) жана 2 аял киши каза болгон (1981-ж.т., 1972 ж.т.).

ӨКМдин Балыкчы шаардык №19 АӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь