2020-жылдын 8-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды. Алардын ичинен бешөө медициналык кызматкер.
Бишкек шаары – 18
Чүй облусу – 7
“Эки учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 13 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 10 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз”, – деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.
Ошондой эле бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 1 бейтап каза болгону маалымдалды. Нарын облустук ооруканасында 67 жаштагы аял киши көз жумду.
Республика боюнча жалпы ооруга кабылгандардын саны 2032, каза болгондор 23кө жетти.