Бишкек шаарындагы Орто-Сай базары карантинге жабылат. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
“Айткан көрсөтмөлөрдү аткарбай, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн жабабыз. Эгер башка базарлар, соода түйүндөр да санитардык нормаларды аткарбай, шаардыктардын ден соолугун коркунучка салса, аёосуз жазаланат”,- дейт Түлөбаев.
Белгилүү болгондой, коронавирустун симптому менен кайрылган бир нече адам болгон, алар буга чейин аталган базарга барганын айтышкан.