“Биз өлөлүбү эмне?” “Чоң казатчылар” президентке кайрылуусу менен Ак үйгө барышты (видео)

2 398

“Чоң Казат” кыймылынын лидерлери президентке кат жолдошту. Бүгүн 9-июнда төрт лидер Канат Хасанов, Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев жана Касымбеков Ак үйгө барып, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуу ниетин билдирип администрацияга расмий кат менен кайрылышты.

Кыймылдын лидерлеринин айтымында, укук коргоо органдары аларга жана жакындарына карата негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Биз коррупциянын бетин ачып берип жатсак, күч органдары бизге кысым көргөзүп жатат. Биз тууралуу сизге туура эмес маалыматтарды жеткирип жатат, расмий жолугуп сүйлөшүүнү каалайбыз”, – деп айтылат алардын кайрылуусунда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь