Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында уй арыкка кыпчылып калган. Окуя бүгүн 9-июнда эртең менен саат 07:30да болгон.
Бишкек – Кара-Балта жолу Беловодск айылындагы борбордук базар аркылуу өтөт. Учурда жол оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, суу түтүктөрүн киргизүү үчүн арык казылган. Бодо мал ушул арыктардын бирине түшүп кеткен. Оор жүк ташуучу автоунаанын жардамы менен 2 сааттан соң уйду алып чыгышкан.