Социалдык тармактарда дарыгердин тер баскан сүрөтү тарады. Кадрда Казакстандагы Зайзан райондук жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери өз нөөмөтүнөн кийин жеке коргонуучу костюмун чечип жаткандагы учур. Азыр күн ысыкка карабастан коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлер коргонуучу каражат менен жүрүүгө аргасыз.