Депутат Кубанычбек Жумалиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү

1 167

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үйүндө укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүштү.

Эл өкүлүнүн адвокаты Бактыбек Жумашев укук коргоо органдарынын бул аракеттерине сот тартибинде даттанаарын билдирет. Себеби тинтүү мыйзам бузуу менен жүргүзүлдү деп эсептейт. 

“Бирок, тинтүү учурунда менин кардарыма зыян келтире турган эч кандай маалымат же буюм табылган жок”,- дейт Бактыбек Жумашев.

Кубанычбек Жумалиевдин өкүлүнүн айтымында, “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык депутатка жеке тинтүү жүргүзүүгө тыюу салат, өзгөчө оор кылмыш жасалган учурдан тышкары.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тергөө ишинин алкагында, Кубанычбек Жумалиевдин туугандарынын жана жакындарынын үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү жүргүзгөндүгүн тастыктады. Тинтүү иштери Кылмыш-процессуалдык мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлдү деп билдирет. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь