Кара-Балтада темир жолдо басып келе жаткан аял поездди байкаган эмес (ВИДЕО)

486

7-июнда Кара-Балта – Кайыңды темир жолунда поезд жөө адамды сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу “Элдик медиага” “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалым болгондой саат 17:42де темир жолдо басып келе жаткан аял машинисттин коңгуроосун эч уккан эмес. Ал поезддин алдына чыккан, бирок акыркы көз ирмемдерде жолдун четине чыгып кеткенин видеодон көрүүгө болот.

Машинист башкарып бара жаткан поездин ыкчам токтотууга үлгүрүп калды.

Учурда аялдын өздүгүн аныктоо жана окуяны териштирүү жүрүүдө.

“Кыргыз темир жолу” МИ жарандарды темир жолдо сак болууга чакырат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь