Мирлан Бакиров: Партиядагы жаштар мага партияны жетектөөнү сунушташты

709

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы болду. Ал сүйлөшүүлөр бир нече жылдан бери жүргүзүлүп жатканын АКИpress агенттигине билдирген.

«Партиядагы жаштар мага партияны жетектөөнү сунушташты. Чечим кабыл алуу оңой болгон жок, бирок чоң саясатка өлкөдө реформа жасоо үмүтү менен бара жаткан жаңы муунга жок дей алган жокмун», – деди Бакиров.

Ал съезде төрага шайланып, саясий кеңештин курамы жаңыланганын кошумчалады.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттары — Марлен Маматалиев («Республика—Ата Журт»), Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»), Урмат Самаев («Кыргызстан»), Бактыбек Райымкулов («Республика—Ата Журт») «Мекеним Кыргызстан» партиясына өткөнү жарыяланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь