Мэрди сөккөн жок. Аксакалдын уят сөз айткан видеосу боюнча түшүндүрмө (видео)

422

Бүгүн 9-июнда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту. Анда кызматкерлердин бири нааразычылыгын айтып жатып сөгүнгөн сөзү кыска видео менен интернетте тарап жатат. Бул боюнча мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев төмөндөгүдөй билдирет:

“Ал жерде аксакал мени ушинтип сөктү деп айтып атканын, мэрди сөктү деп бурамалап жатышат. Монтаждап таратышты. Таң калабыз кимге керек бизде толук видеосу бар уят болосуздар! Сөздү жакшы угуп ошол жердеги ондогон кишилерден такташып алыш керек да“,- дейт аппарат башчы.

Бишкек мэриясы жолугушуудагы фрагменттин толук версиясын киргизди.

Мэриядан билдиргендей, эми ар бир көчө шыпыргыч жана алардын участогу санариптик көзөмөлгө өтөт. 54 атайын техниканын маршруту GPS навигатор жана канча күйүүчү май короткону көрсөткүч аркылуу көзөмөлдөнө турган болду.

Мэрди сөккөн жок. Аксакалдын уят сөз айткан видеосу боюнча түшүндүрмө

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Вторник, 9 июня 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь