Бүгүн 9-июнда Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого байланыштуу соттук отурум өтүүдө. Отурумга судья Марат Сыдыков төрагалык кылып жатат.
Айыпталуучу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко катышуудан дагы баш тартты. Бүгүнкү отурумга ал алынып келинген жок.
“Мурда сот залынан чыгарылып кеткендигим үчүн, соттук отурумга катышуудан баш тартам. Бул процесс ачык-айкын саясий жана жүйөлүү”,- деп негиз келтирген Сапар Исаков.
Бегилей кетсек, прокуратура Сапар Исаковду буга чейинки өкүмдөрүн кошкондо 20 жылга түрмөгө кесүүнү суранган.