Таласта бир адам коронавируска шектелип, поликлиника карантинге жабылды

253

Талас шаарында бир адам коронавирус жуктуруп алган болушу мүмкүн деп шектелүүдө. Жарандын анализинин жыйынтыгы эртең чыгарын саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Таласта поликлиника карантинге жабылып, медицина жайы бейтаптарды кабыл албай калганын айрым маалымат каражаттары жазды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Талас облусунда вирус жуктурган бир дагы учур каттала элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь