Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
4-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу (МНБ) башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча КЖБРге катталды.
Кармалган адам Талас облустук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.