Финполиция МИКтин жетекчилигине карата сотко чейинки териштирүүнү баштады

269

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна карата “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

МИКтин алдында түзүлгөн Турак-жай коргоо кредиттик компаниясы Юстиция министрлигинен али каттоодон өтө элек, бирок ал жакта кызматкерлер иштеп 4 айдан бери МИКтин бюджетинен айлык алып келишкен. 

Бул суроо парламентте дагы көтөрүлгөн. Депутат Рада Туманбаеванын айтымында, каттала элек компанияда кызматкерлер 75 миң сомдон айлык алып жатат.

Финансы полициясына компаниянын кызматкерлери арыз менен кайрылып, жетекчиси Элмира Абжапаровага нааразычылыгын билдиришкен.

Булак: “Кактус.медиа”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь