“Айыл банк” ААК төрагасы Бактыбек Шамкеев өз кызматынан кетти.
9-июнда «Айыл Банк» ААКнын Директорлор кеңешинин № 35/5 токтомуна ылайык, эмгек келишиминин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу башкармалыктын төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулган.
Учурда Уланбек Ногаев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эске салсак, Айыл Банктын 100% акциясы мамлекетке таандык.
Бактыбек Шамкеев мындан бир жыл мурун “Айыл Банк” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.
Буга чейин Бактыбек Шамкеев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.