Бишкекте Жордж Флойдду колдоо митингине бир гана адам чыкты (сүрөт)

371

Бүгүн 10-июнда Бишкектеги Жордж Флойддун жаркын элесине арналган расизмге каршы митингге бир гана адам кеди.

Бишкектик Денис Реуттун айтымында ал АКШда өтүп жаткан акцияны колдоо үчүн чыкты. Анын пикиринде Кыргызстанда дагы күч органдары тарабынан зомбулук бар жана аны токтотуу керек. Ал Өзгөчө абал учурунда комендатурага барганын, ал жактан телефонун сындырышып өзүн түртүп чыгарганын айтат.

“Азыр комендатура жоюлуп кеткендиктен арызымды эч ким каралбай калды”,- дейт.

Мындан тышкары М.Горький атындагы скверге дагы эки жигит келди, алар митингге каршы чыгышкан. Алар АКШдагы африкалык америкалыктарды колдоп, Бишкекте колдоо ниетин билдиргендерди шылдыңдашууда.

Ал эми митингдин уюштуруучулары чагымчылдыкты болтурбоо максатында чыгуудан баш тартышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь