Жайыт талаш. Нарында бир адам өзүн өзү өрттөөгө аракет кылды

442

Нарындагы жайыт талаш чырында бир тургун өзүн өзү өрттөп жибере жаздады. Бул тууралуу “Элдик медиага” Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.

9-июнь күнү саат 08:00 чамасында милицияга Нарын районунун Кырк-Боз-үй участогунда Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары Кумбел жайлоосуна барышып, Кочкор районунун тургундарына тоскоолдук жаратып жатат деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган учурда болжол менен 250гө чукул жаран чогулушкан деп билдирет Нарын облустук милициясынан.

Ал жактан Жерге-Тал айылынын тургуну А. аттуу адам өзүнө бензин чачып өрттөөгө аракет кылган. Милиция кызматкерлери жарандын өзүн өзү өрттөөгө жол бербөө максатында токтотуп калышкан“,- деп айтылат маалыматта.

Өзүнө кол салган жаран эч кандай жабыркаган жок деп кошумчалады.

Аталган факты боюнча Нарын ОИИБи тарабынан КР Жазык Кодексинин 265-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь