Бүгүн 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны жаңы эки депутаттын ант берүүсү менен башталды. Борбордук трибунага ант берүү үчүн алгач Замирбек Эсенаманов чыгып, андан соң Бейшеналы Нурдинов ант берди.
Бейшеналы Нурдинов ант берип жатып колун Конституцияга коюну унутуп койду. Ага залдагылар эскертүү берген соң кайра башынан ант берди.
Төрага Дастанбек Жумабеков жаңы келген эки депутатка парламенттеги жалпы депутаттардын жана өзүнүн атынан ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.