Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев мыйзамсыз баюу боюнча күнөөлүү деп табылды.
Бүгүн Биринчи май райондук соту качып кеткен парламентарийди мүлкүн конфискациялоо менен бирге аны сырттан 13 жылга эркинен ажыратты.
Мындан тышкары, ишкер Вячеслав Дуплищев беш жылга кесилди. Экөө тең 60 миң сомдон айып пул төлөшү керек.
Эске салсак 2018-жылдын июнь айында Аскарбек Шадиев Тажикстандын чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Хоженттен дипломатиялык паспортун көрсөтүп, учакка отурган. УКМК Шадиевди эл аралык издөөгө алган болчу.