Бишкектеги Ош базардан коронавирус жуктурган учур катталды. Базарды жабуу боюнча маселе каралып жатканын вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди.
Анын айтымында базар качан жана канча убакытка чейин жабылары жакынкы күндөрү билинет.
“Эгерде оору жугузгандар чыга турган болсо, аз күндө жабууга аргасыз болобуз”,- деп соода түйүндөрдүн ээлерине эскертти вице-мэр.
Ош базарды толугу менен дезинфекциялашат, ал эми тазалоо иштеринин чыгымын базардын жана соода түйүндөрдүн кожоюндары төлөөсү каралат.
Эске салсак, буга чейин Орто-Сай базары 13-июнга чейин жабылган.